Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы: Март майрамдары токтотулуп, 4 млн 200 миң сом үнөмдөлдү

Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 941 | 0

8-март− Аялдардын эл аралык күнү жана 21-март −Нооруз майрамына карата иш-чаралар токтотулганына байланыштуу Бишкек мэриясы 4 миллион 200 миң сом үнөмдөп калды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Коронавирус эпидемиясынын тарап кетүү коркунучунан улам Кыргызстанда бардык маданий-массалык иштер жана спорттук иш чаралар токтотулган.

21-март− Нооруз майрамында салтка айланган сейилдөөлөр да чектелгени маалым болду.

8-март− Аялдардын эл аралык күнү майрамына 2 млн 200 миң сом, ал эми Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамын белгилөөгө 2 млн сом каралган.

Бул каражаттар мэриянын эсебинде турат. Эми ал акчалар баш калаада өтүүчү алдыдагы майрамдык иш-чараларга жумшалат, — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM