8-март− Аялдардын эл аралык күнү жана 21-март −Нооруз майрамына карата иш-чаралар токтотулганына байланыштуу Бишкек мэриясы 4 миллион 200 миң сом үнөмдөп калды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Коронавирус эпидемиясынын тарап кетүү коркунучунан улам Кыргызстанда бардык маданий-массалык иштер жана спорттук иш чаралар токтотулган.
21-март− Нооруз майрамында салтка айланган сейилдөөлөр да чектелгени маалым болду.
8-март− Аялдардын эл аралык күнү майрамына 2 млн 200 миң сом, ал эми Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамын белгилөөгө 2 млн сом каралган.
— Бул каражаттар мэриянын эсебинде турат. Эми ал акчалар баш калаада өтүүчү алдыдагы майрамдык иш-чараларга жумшалат, — деп айтылат маалыматта.