Биз менен байланышыңыз

Франция: Маданият министри жана 5 депутаттан коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 549 | 0

Франциянын маданият министри Франк Ристер коронавирус жуктурду. Бул тууралуу «France Press» басылмасы жазды.

Маалыматтарга караганда, 46 жаштагы министр мурунку жумада Франциядагы улуттук жыйынга катышканда жуктуруп алган деп божомолдонууда. Коронавирус дагы 5 депутаттан аныкталган. Министр учурда Париж шаарындагы үйүндө.

10-мартка карата Францияда коронавирусту жуктургандардын саны 1412 адамга жетип, 25 адам көз жумган.

Дүйнө жүзү боюнча 114 миңден ашык адам коронавируска кабылган, анын 4004ү каза болсо, илдеттен айыккандардын саны 62 800дөн ашык.


Италияда абал курч, өлкө боюнча карантин жарыяланды

Copyright © 2017 Maral FM