Connect with us

Өзбекстан жарандарын алып келүү үчүн Сеулга 4 рейс жөнөтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Мар 2020 | 552 | 0

8-мартта «Өзбекстан аба жолдору» улуттук авиакомпаниясы Өзбекстандын Сеулдагы жарандарын алып келүү үчүн Сеулга 4 рейс жөнөтөт. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, каттамдар 15-22-29-март күндөрү ишке ашырылып, Түштүк Кореядан келген жүргүнчүлөр 14 күн карантинге алынат.

«Корей өкмөтү коронавирустун жайылуусуна жол бербөө үчүн жогорку медициналык технологияларды колдонуп, бардык зарыл чараларды көрүп жатат. Чет өлкөлүк жарандарда илдет аныкталса, ооруну аксыз негизде дарылоо кепилденүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM