Биз менен байланышыңыз

31-мартка чейин Опера жана балет театрында спектакль коюлбайт

Кыска кабар | 5 Мар 2020 | 415 | 0

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 10-марттан 31-мартка чейин спектакль коюлбайт. Бул тууралуу театрдын «Фейсбуктагы» расмий баракчасында айтылат.

Мындай чечим Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин «маданий-массалык иш чараларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салуу» буйругуна ылайык кабыл алынган.

Билет сатып алгандар кайра кассага тапшырып, же кийинки айларда өтүүчү спектаклдерге кирсе болот.

Соңку маалымат боюнча коронавирус дээрлик 80 миң адамга жуккан. Андан 3 миңдей адам каза болгон. Кытайдан чыккан бул оору башка 70 өлкөдө катталган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда ооруну жуктургандар жок.

Copyright © 2017 Maral FM