Биз менен байланышыңыз

Йеменде бир суткада 25 миң адам турак-жайын таштап качты

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Мар 2020 | 536 | 0

Акыркы бир суткада Йемендин түндүк тарабында жайгашкан Эль-Жауф провинциясындагы 25 миң жай тургун турак-жайын таштап кетүүгө мажбур болду. Бул тууралуу Йемендин миграция кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, аталган зонада бийликтин күчтөрү менен «Ансаруллах» кыймылынын (хуситтир) тиреши күчөп, активдүү согуш жүрүүдө. Согуш аймагынан качкандардын көпчүлүгү Мариб провинциясына барышкан. БУУнун аймактык тургундар боюнча фонду, соңку аралыкта Мариб провинциясында медициналык жай бештен сегизге көбөйтүлгөнүн билдирди.

Миграция кызматы эл аралык жана гуманитардык уюмдарды региондогу гуманитардык кризисти эртерээк жөнгө салууга чакырды.

Йеменде 2014-жылдан бери «Ансаруллах» шииттик кыймылы бир жагынан Йемендин кулатылган президенти Али Абдуллах Салехтин тарапташтары менен, бир жагынан азыркы президент Абдурабб Мансур Хадини колдогон бийлик аскерлери менен куралдуу конфликтин токтотпой келет.

2014-жылдан бери хуситтер Йемендин борбору Сананы кошо өлкөнүн бир нече регионун көзөмөлдөп келет.

Copyright © 2017 Maral FM