Биз менен байланышыңыз

Йеменде ракета чабуулунун курмандыктары 100дөн ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Янв 2020 | 411 | 0

Йеменде хусит тобу аткан ракеталык соккудан йемен армиясынын 100дөн ашык аскери каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн ТИМи жарыялады.

Маалыматка ылайык, сокку Мариб провинциясындагы аскердик лагерге урулган. Ракета намаз маалында аскер лагериндеги мечитке келип тийген. Мунун кесепетинен 100дөн ашык адам набыт болуп, ондогон адамдар жаракат алган.

Министрдин айтканына караганда, курман болгондордун арасында жай тургундар да бар.

Эл аралык коомчулук тааныган Йемендин президенти Абд-Раббу Мансур Хади бул соккуну “коркоктук менен жасалган террордук акт” деп атап, сокку жасаган хусит — шийиттердин радикал тобунун аркасында Иран турганын белгиледи.

Эске салсак, 2015-жылдан бери токтобой келген Йемен согушу өлкөнүн 22 миллион жай тургунун гуманитардык кризиске кептеп, ачкалык жана анын натыйжасында пайда болгон оорулардын айынан 10 миңге жакын йемендик набыт болду. Эл аралык уюмдардын маалыматында кеминде 85 миң жаш бала согуштун айынан өмүрү менен кош айтышкан. Ирандын колдоосу менен бийликке каршы чыккан хуситтер менен суниттик Араб коалициясы орчундуу натыйжаларга жетише албай, согуш создугуп, натыйжада, мамлекет болуп көрбөгөндөй апаатка учураган.

Copyright © 2017 Maral FM