Биз менен байланышыңыз

Йемендеги согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр башталат

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 725 | 0

Йеменде үч жылдан бери уланып келе жаткан куралдуу кагылыштарды токтотуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү ушул апта Швециянын борбору Стокгольмда башталат. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык БУУнун ыйгарым укуктуу элчиси Мартин Гриффитс кечээ Йемендин козголоңчу хуситтердин колунда турган борбору Сана (Дамаск) шаарына барды. Ал жерден Гриффитс хуситтердин өкүлдөрүн коштоп Швецияга келет. Ал эми Сауд Аравиясы баштаган сунниттик арап коалициясы да белгиленген жерге тынчтык сүйлөшүүлөрүнө келери күтүлүүдө.

Бул иш чара согуш жүрүп жаткан аймактагы гуманитардык апаатты  токтотуу максатында өтүүдө. Анткени балдардын укугун коргогон эл аралык Save the children уюмунун акыркы маалыматы боюнча Йеменде төрт жыл ичинде беш жашка чейинки  85миң бала ачкалыктан көз жумган. Дагы 14 миллион киши ачарчылыктын эн төмөнкү чегинде турат. Буга өлкөдөгү согушуп жаткан эки тараптын чек араларды жана маанилүү стартегиялык жайларды блокадага алып, сырткы дүйнө менен байланышты жаап койгону себеп болууда.

Эске салсак, 2004-жылы башталган Йемендеги конфликттер 2011-жылдан бери  куралдуу кагылышка өтүп кеткен.  Андан он миңдеген киши набыт болду.

Copyright © 2017 Maral FM