Биз менен байланышыңыз

Президент Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 3 Мар 2020 | 772 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-мартта кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады.Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда мамлекеттик туу — ар бир жарандын мекенге болгон атуулдук сезимдерин чагылдырып турган символ экендигин айтып, Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады.

Мамлекеттик туубузда кыргыз элинин биримдиги, өлкөбүздө жашаган жалпы мекендештерибиздин ынтымагы чагылдырылган. Манас бабабыздан бери сакталып, муундан-муунга өтүп келаткан кызыл туубуздун бийикте желбиреп турушун камсыздоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Аталардын таберигин аздектеп сактап, туу астында бирге, чогуу болуубуз абзел, — деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Ошондой эле,Сооронбай Жээнбеков кызыл туубуздун ачык асманда желбиреп, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсө беришин каалады.

Мамлекеттик туунун авторлору:  Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек  Сыдыков. 1992-жылы 3- мартта Кыргыз Республиканын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген.

Copyright © 2017 Maral FM