Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-мартта кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады.Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда мамлекеттик туу — ар бир жарандын мекенге болгон атуулдук сезимдерин чагылдырып турган символ экендигин айтып, Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады.
— Мамлекеттик туубузда кыргыз элинин биримдиги, өлкөбүздө жашаган жалпы мекендештерибиздин ынтымагы чагылдырылган. Манас бабабыздан бери сакталып, муундан-муунга өтүп келаткан кызыл туубуздун бийикте желбиреп турушун камсыздоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Аталардын таберигин аздектеп сактап, туу астында бирге, чогуу болуубуз абзел, — деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.
Ошондой эле,Сооронбай Жээнбеков кызыл туубуздун ачык асманда желбиреп, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсө беришин каалады.
Мамлекеттик туунун авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков. 1992-жылы 3- мартта Кыргыз Республиканын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген.