Бишкек шаарынын Ленин районунда турак үйдө газ баллон жарылып, жалпысынан 40 чарчы метр ашкана бөлмөсү күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кырсыктын кесепетинен үй ээси 2-3-даражадагы күйүк алып 4-оорукананын күйүк борборуна жеткирилген.
Учурда өрттүн себеби такталууда.