Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: АКШда экинчи адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 664 | 0

АКШда коронавирустан каза болгон экинчи учур катталды. Жагдай Вашингтон штатынын түндүк-батыш тарабында катталганын аймактык Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Буга чейин, Вашингтон штатынын 50 жаштагы тургуну вирустун айынан көз жумганы айтылган болчу.

2-мартка карата, АКШда 74 адамга COVID-19 коронавирусу жуккан. Анын экөө каза болду.

Кытайда вирусту жуктургандар 80174кө жетти, ошол эле учурда 44 518 киши аталган илдеттен айыкты. Жалпы дүйнө боюнча 89 миңден ашык адам вируска кабылган.

Copyright © 2017 Maral FM