Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбеков Москвадагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл койду

Кыска кабар | 27 Фев 2020 | 417 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун Орусия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапары башталды. Бүгүн, 27-февралда өлкө башчысы Москва шаарынын Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт эскерди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, анда кыргыз-орус мамилелеринин бүгүнкү абалы менен келечеги талкууланат.

Эки мамлекеттин башчылары эки тараптуу эриш-аркак жылынын ачылыш аземине катышат.

 

Copyright © 2017 Maral FM