Биз менен байланышыңыз

Иран: Коронавирустан 19 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Фев 2020 | 614 | 0

Иранда вирусту жуктургандардын саны 139га жетти. Бул расмий тараптын маалыматы. Ал эми көз карандысыз булактар сандар мындан да көп болушу мүмкүн дейт. Иранда вирус бир жуманын ичинде кеңири кулач жайды.  Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ираж Харирчи да вирус жуктуруп алганы маалым болду. Ал өлкөдө коронавируска каршы күрөшүү иштеринин башында тургандардын бири болгон.

25-февралда Харирчи жана Иран өкмөтүнүн өкүлү Али Рабии коронавирус боюнча кооптончу жагдай жок, бийлик эч нерсе жашырбайт деп тастыктоо үчүн маалымат жыйын өткөргөн. Министрдин орун басары ошол учурда да тынбай жөтөлүп, жүзүндөгү терди бат-баттан арчып жатканы байкалган.

Ошол эле түнү анын вирус жуктурганы аныкталды. Коронавируска кабылганын айткан чиновник, элге видеокайрылуу жасады:

-Менде коронавирустун аныкталганын билдирейин дедим. Кечээ температурам көтөрүлүп, бираз жөтөл пайда болгон болчу. Анализдин жыйынтыгы коронавируска кабылганын көрсөттү. Түндөн бери изоляциядамын. Дене табым көтөрүлүп, алсырап турам. Ошентсе да, абалым жакшы. Кийинки жумага чейин айыгып кетем деген үмүттөмүн. Баарыңар өзүңөргө сак болгула демекчимин, — дейт Харирчи.

Ал министрликтин милдетин телефон аркылуу аткарып жатканын кошумчалаган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Майк Райан, Иранда вирус кандай динамика менен тарап жатканын түшүнүүгө аракет кылуудабыз дейт. Анын айтымында, көптөр диний майрамга чогулуп, башка шаарларга кетишкен. Бир нече күндөн кийин динамика так болот. “Биз Иранга жана Италияга өкүлдөрүбүздү жөнөттүк. Башка мамлекеттер менен дагы тыгыз байланыштабыз. Эгерде техникалык жардам керек болсо, жардам сунуштайбыз”,- дейт Райан. 26-февралга карата Иранда вирустан каза болгондор 19ду түздү.

Эми Ирандан башка коронавирус жаңы катталган мамлекеттердеги абалга токтолсок,

Учрда коронавирус 40тан ашык өлкөгө жетти.

Италияда коронавируска кабылгандар 374кө жетти. Анда мейманканадагы коноктордун бири болгон — италиялык дарыгерден коронавирус табылган. Тенерифде мейманканадагы миңге чукул киши карантинге алынды. Бийликтин айтымында, алар 15 күн карантинде болушат.

Италиядан кайтып келген жарандары ооруну жуктуруп алганы Австрия, Хорватия жана Швейцарияда белгилүү болду.

Андан сыркары, Испаниянын материктин бөлүгүндө дагы биринчи жолу вирус табылды. Франция жана Германия Италиядан келген жарандарынан вирус табылганын айтып чыкты. Италиянын түндүгүнөн саякаттан кайтып келген окуучуларды Британия мектептери кайра үйүнө жөнөтүүдө.

Кытайдан башка өлкөлөрдө вирусту жуктургандар 3 миңге чамалады. Түштүк Кореяда- 1261 адам, Diamond Princess круиздик лайнеринде вируска кабылгандар-691, Японияда — 171 адам катталган. Ал эми каза болгондор Түштүк Кореяда 12, Италияда 11 адам.

Кытайдын өзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн каза болгондордун саны 2 718ге жетти. Андан сырткары, жалпы 78 195 адамга вирус жуккан.

Ошондой эле, вирус жуккан 30 миңдей бейтап эмделип, ооруканадан чыгарылган.

Кытайда коронавирус жайылган жагдай соңку күндөрү кыйла басаңдады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Брюс Айлворд, башка өлкөлөрдү да Кытай сыяктуу күрөшүүгө чакырды.

-Бүтүндөй аймактарды тышкы дүйнө менен байланышты үзгүлө деген жерибиз жок. Бирок вирус тез тарап жаткан аймактарда карантин сакталышы керек. Ошондо вирус жакыр, саламаттыкты сактоо системасы өнүкпөгөн өлкөлөргө жетпейт,-дейт Айлворд.

Анын айтымында, мыйндай жагдайда жакыр мамлекеттердин вирус менен күрөшүүгө дарамети жетпейт.


26-февраль: Коронавируска кабылгандар 78 миңден ашты[хронология]

Copyright © 2017 Maral FM