Биз менен байланышыңыз

Мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсанов үй камагына алынды

Кыска кабар | 25 Фев 2020 | 670 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды. Бул кабарды прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 25-февралда билдирди.

Маалыматка ылайык, мурдагы бажы кызматкерине байланыштуу ишти тергеп жаткан Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүлөрү сотто Кимсановду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтиришкен. Алар мунун себебин Кимсановдун жаш балдары бар экендиги менен түшүндүрүшкөн.

Издөөдө жүргөн Эмилбек Кимсанов Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кармалып,  Кыргызстанга алып келингени кабарланган.

Эмилбек Кимсанов 14-февраль күнү кечинде “Фейсбуктагы” баракчасына спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун видео кайрылуусун жүктөгөн. Кайрылууда Рахманберди уулу Ош шаарынын Спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков баштаган топтон запкы көрүп жатканын айткан. Рахманберди уулу “бул тууралуу ооз ачсаң, сенин жана Эмилбек Кимсановдун үстүнөн иш козготуп каматабыз» деп коркутушканын билдирген.

ИИМ Төлөгөн Рахманберди уулу менен Эмилбек Кимсанов 2018-жылы Чүй облусунда ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиевди токмоктоого шектелип жатканын билдирип, аларга издөө жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM