Биз менен байланышыңыз

Ош базары эми иреттеле баштайт

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Фев 2020 | 1064 | 0

Бишкек шаардык мэриясы Ош базарын кантип калыбына келтирүү керектигин анализдеп чыкты. Бул тууралуу мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Ош базарын тартипке келтирүүгө тоскоолдук кылган 2 топ бар.

-Алардын бирөөсү «Береке» менен чатакташкандар, экинчиси көчөгө туруп алып соода кылгандар. Ал жактагы бардык көйгөйдү билебиз. Ал жерге тагдырын байлап иштегендер да бар. Ага биз да, бергендер да, шаардыктар да күнөөлүү эмес. Муну бир тартипке алып келишибиз керек. Азыр муниципалитет өзүбүздүн парковкабызды куруп, маселени бир четинен чече баштадык. Ош базарында иштегендерге айтарым, баарыбыз силерди түшүнүп турабыз, жумуш бере албай жатабыз. Бирок силер да шаардыктарды түшүнүшүңөр керек. Ал жер тартипке келтирилип, сыртта соода кылгандар базардын ичине кириши керек,-деди Түлөбаев.

Анын айтымында, шаар мэриясы базардагы жагдайды анализдеп бүттү. Ошондой эле калаа башкармалыгы ал базарды баары бир калыпка келтирерин так кесе айтты.

Copyright © 2017 Maral FM