Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тайказансыз өтөт

Кыска кабар | 23 Фев 2020 | 646 | 0

Быйыл Түркияда өтө турган Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарында көк бөрү тайказаны жок ойнолот. Мындай чечим, 22-февралда, Түркияда болгон Этно оюндар конфедерациясынын жыйынында кабыл алынды.

Жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстандын өкүлдөрү катышты.  Кыргызстандан Көк бөрү федерациясынын президенти Искендер Кадыркулов жана ЖК депутаты, Дүйнөлүк көкпар ассоциациясынын вице-президенти Канат Исаев барган. Талаш жаратып келген тайказан чуусунан улам, быйыл кыргыз тараптын сунушу кабыл алынган эмес жана өкүлдөр көк бөрү оюнун тайказансыз өткөрүүгө макулдашты.

Жыйында көпчүлүк көк бөрүнү тайказансыз өткөрүүгө добуш берген. Жалгыз Кыргызстан колдогон.

Оюндагы башкы өзгөртүүлөр – эми көк бөрү 20 мүнөттөн 2 тайм менен, жана тайказансыз өтөт. Ал эми Кыргызстандын аймагында оюн тайказан менен 3 бөлүк, 20 мүнөттөн турат.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз улуттук спортунун 7 түрү киргизилет:

  • Көк бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөш, ордо, бул оюндар Кыргызстандын спорттун ушул түрлөрү боюнча федерациялары бекиткен эрежелер боюнча өткөрүлөт;
  • Тогуз коргоол, алыш бел боо күрөшү – спорттун ушул түрлөрү боюнча эл аралык федерациялар бекиткен эрежелер менен өткөрүлөт;
  • Көчмөндөрдүн улуу күрөшү – кыргыз тарап бекиткен эреже боюнча өткөрүлөт.

Белгилеп кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркиянын аймагында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM