Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Борбор Азия боюнча алгачкы IT-HUB ачылат

Кыска кабар | 20 Фев 2020 | 1663 | 0

Кыргызстанда Борбор Азияда башка аналогу жок алгачкы IT-HUB ачылат. Бул тууралуу «Маралга»долбоордун ээлери Нурсултан Кубанов менен Cybertek компаниясынын Чикагодогу башчысы Эсен Ниязов маалымдады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда ачыла турган IT-HUB Cybertek деген америкалык окутуу методикасы менен кыргызстандыктарды IT тармагында окутат. Бул окутууда 6 айда дүйнөлүк тенденцияга жооп берген сапаттуу билим ала алышат. Окуу жалаң англис тилинде жүргүзүлөт. Окууну аяктаган соң Кыргызстанда туруп эле дүйнөнүн ири IT компанияларына жумушка орношууга мүмкүнчүлүк алышат.

Учурда бул проект АКШнын Чикаго шаарында ийгиликтүү ишке ашып келет.

Долбоордун негиздөөчүлөрү тууралуу айта турган болсок, Эсен Ниязов 10 жылдан ашык убакыттан бери Америкада жашап, учурда Cybertek компаниясынын Чикагодогу филиалын жетектейт. Ал жерден 300дөн ашык кыргызстандык программалоону үйрөнгөн. 6 айлык окуудан соң дээрлик баары жылына бери дегенде 90000-140000$ маяна төлөнгөн  жумушка орношот. Cybertek компаниясынын филиалдары учурда 22 мамлекетте бар.

Ал эми Нурсултан Кубанов билим берүү министринин мурунку кеңешчиси жана Кыргызстандагы «Перспектив» эл аралык тил үйрөтүү борборунун негиздөөчүсү болуп саналат. Борборду ачуудагы башкы миссия — миграция маселесин бираз болсо да азайтуу менен өнүгүүнүн альтернативдүү жолдорун сунуштоо дейт уюштуруучулар.

-Бизде жакынкы 10 жылда дүйнө боюнча IT тармагында лидер боло ала турган потенциал бар. Ошондуктан жаштарга акча табуу үчүн чет жакка кетпей, өлкөдө калып, өнүгүүнүн альтернативдүү жолдорун сунуштайбыз,- деп билдирди Кубанов.

Copyright © 2017 Maral FM