Биз менен байланышыңыз

Коронавирустун айынан Азия чемпионаты Казакстандан Өзбекстанга которулду

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Фев 2020 | 497 | 0

Оор атлетика боюнча Азия мелдеши Кытайда күч алган коронавирустун жаңы түрүнө байланыштуу Казакстандан Өзбекстанга жылдырылды. Бул тууралуу Оор атлетика боюнча эл аралык федерация кызматы (IWF) билдирди.

Маалыматка караганда, бул жылдыруу Казакстан бийлиги Кытай менен чектешкен өлкөлөрдөн жарандардын кирүүсүнө чектөө салгандыгы менен түшүндүрүлөт. Буга байланыштуу дароо Өзбекстанга которууга макулдашкан.

Турнир 16-25-апрель аралыгында Ташкент шаарында өтмөкчү.

Кошумчалай кетсек, учурда коронавирусту жуктургандар 72 530га жетип, 12 639 адам айыгып, оорунун кесепетинен жалпы 1 870 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM