Биз бүгүнкү «Портрет» рубрикабызда 24 жашында ЖОЖдо билим берип жаткан мугалим жөнүндө кеп кылабыз. Атайын программанын алкагында 1 жыл Японияда окуп, тажрыйба алмашып келген Асел Бекболотова бизге япон элинин өзгөчөлүктөрү, чет жакта билим алуунун артыкчылыктары тууралуу баяндап берди.
Асел Бекболотова, 1995-жылы Ош облусунун Араван жергесинде туулган. Оштогу «Сапат» кыздар лицейин бүтүрүп, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде инженерия факультетин аяктаган. Учурда ошол эле ЖОЖдо магистратура багытында билим алат.
— Японияга кантип барып калдыңыз?
— Мен окуп жаткан «Манас» жогорку окуу жайын менен Kumamoto университетинин ортосунда келишим бар. Анын арты менен JASSO программасына катышып, жеңип чыктым. Жеңип алдым дегеним аталган программага бардык өлкөнүн магистранттары катышат. Бул программага дүйнө боюнча жылына жалпы 12 гана адам кабыл алынат.
— Чет жакта билим алуунун кандай артыкчылыктары бар?
— «Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет» деген кеп бар эмеспи, чындыгында чет өлкөдө билим алсаң дүйнө таанымың кеңейет, адамдар менен тил табышуу жеңилдейт. Чет жактагы элди карап оңолосуң. Өзүбүздөгү баалуулуктардын кадырына жетип, баалайсың. Мен сыяктуу илим изилдөө багытында билим алгандар опол тоодой чоң тажрыйба топтой алат. Анткени изилдөөгө керектүү жабдыктар, аппаратуралар, тилекке каршы, биздин өлкөдө көп болбогондуктан, чет өлкөдө ошол эле тажрыйбаны жасоого 1 саат кетсе, бизде 1 ай кетиши мүмкүн.
— Япондор балдарын кантип тарбиялайт экен, кандай айырмачылыктарды байкадыңыз?
— Японияда жаңы төрөлгөн ымыркайга 7 күндөн соң ат коюп, бардык жакындарына көрсөтүшөт. Эгерде наристе эркек болсо 31-күнү, кыз болсо 32-күнү сыйынуучу жайга алып барышат. Ал эми 120 күндөн кийин «табэ-дзомэ» − биринчи жолу тамакты татып көрүү аземи болот. Мында бөбөк чоңдор менен кошо дасторконго отургузулат. Апасы күрүч жана башка тамакты майдалап жедирет. Ымыркай бир жашка чейин эненин бир бөлүгү болуп эсептелет. Мындан улам наристени ар дайым артына таңып жүрөт. Күнү бою бөбөк менен кошо жумуштарын жасап, чогуу сүйлөшүп жүрүп өстүрөт. Бала бир жашка толгондо туулган күнүнө чоң маани берилбейт. Бирок 3, 5 жана 7 жашка чыкканда өзгөчө майрамдашат. Анда балага «кимоно» улуттук кийим кийинтип, чиркөөгө барып, сыйынышат.
Балага тарбия берүүдө эненин ролу чоң. Япондор бала 5 жашка толгончо ага падышадай, андан соң кулдай, ал эми 15 жаштан кийин досундай мамиле кылышат. Башкача айтканда, бала бешке чыкканча бардык нерсеге уруксат беришет, эч нерседен тыйбайт. Бала чоңдордон бир гана «коркунучтуу», «кир», «жаман» деген эскертүүлөрдү гана угат. Эгер балага кокус бир нерсе болсо, эне өзүн күнөөлүү сезип, аны жакшы карабагандыгы үчүн баласынан кечирим сурашат. Япондор жаш балага эч качан үнүн көтөрбөйт, «насаат айтып, башын оорутпайт». Жазалоону айтпай эле коёлу. Эне баланын эркине, каалоосуна каршы иш кылбайт. Баланын жагымсыз аракетин кыйыр түрдө жеткирет. Мисалы, терс кылык-жоругу аны капалантып жатканын билдирет. Албетте, балдар энесин аябай сыйлайт, өзүн күнөөлүү сезип, капалантып алуудан чочулап, аяр мамиле жасашат.
«Sony» компаниясынын негиздөөчүсү Масару Ибуканын «Үч жаштан кийин кеч» китебинде айтылгандай, баланы кичинесинен тарбиялайт. Анын мүнөзүн калыптандырууда ар бир жашта түрдүү көйгөйгө басым жасашат. Алсак, 1 жашта баланын өзүнө болгон ишенимин ойготуу, 2 жашта кол өнөрчүлүккө үйрөтүү, 3 жашта милдеттери тууралуу маалымат берүү, 4 жашта жакшылык жана жамандык, 5 жашта лидерлик сапатын калыптандыруу, план коюу жана аны ишке ашырууну үйрөтүү. Беш жаштан кийин кул доору башталат, башкача айтканда, тыюулар, эрежелер үйрөтүлөт. Япондорго башкаларга шылдың болуу эң чоң уят. Андыктан эреже, тыюуларга баш ийип, уялчаак мүнөзгө ээ болушат.
15 жашка толгон өспүрүм жетилген, коомдо өз милдетин билген, жоопкерчиликтүү жана эрежелерге толук баш ийүүчү адам катары саналат. Бала бакчалар балдарды 3 жаштан тарта кабыл алат. Ага чейин эне өзү тарбиялайт. Японияда 3 түрдүү алфавит колдонуларын белгилей кетсем, анын эки түрүн (Хирагана менен Катакана) жана баштапкы арифметиканы бала бакчадан үйрөнүшөт. Балдар 6 жашка чыкканда мектепке барышат. Алгач апасы менен барып партада отуруп-турууну, саламдашууну, мугалимге кантип кайрылууну өздөштүрөт.
— Мектептери биздин мекемелерден эмнеси менен өзгөчөлөнүп турат?
— Биздин мектептерден эң чоң айырмачылыгы — окуучулар класска бут кийимин чечип киришет. Окуучулар япончо окуп, жазуу үчүн орточо 2500 иероглиф жатташат. Класста орточо 30-40 окуучу болот. Мектепте эң маанилуу фактор — түрдүү иш чара, ийримдер. Спорттук (футбол, кендо, бейсбол, дзюдо, таэквандо, теннис ж.б.) жана маданий (каллиграфия, математика, так илимдер ж.б. ) ийримдер болуп, эки түргө бөлүнөт. Ар бир окуучу кызыгуу, жөндөмүнө жараша сөзсүз түрдө ийримге жазылат. Дээрлик эч бир мектепте тазалык кызматкери болбойт. Мектептин айланасын, класстарды, коридор, буфет жадагалса, ажаткананын баарын окуучулар өздөрү тазалап, жыйнайт. Окуу жылы апрель айында башталат. Окуучуларга каникулга көп тапшырма берилет. Мага жаккан дагы бир жери — ар бир мектепте туура тамактануу боюнча диетолог болот жана сабактар өтүлөт. Мындан сырткары, табиятты үйрөтүү сыяктуу токой-талааларда өтүлө турчу өзүнчө сабактар бар. Окуучулардын түшкү тамагы толугу менен мамлекет тарабынан каржыланат. Тамактануу үчүн ашкана жок. Баары класста мугалим менен кошо түштөнүшөт.
— Япондордун жашоосу, карым-катышы кыргыздардыкынан эмнеси менен айырмаланат экен?
— Эң көп өмүр сүргөн япон элинин жашоосу, көз караштары биздикинен аябай айырмаланат. Чындыгында, Нуржигит Кадырбеков «Япон кереметинин сырлары» китебинде жазгандай, япондордун жакшы сапаттарына, жүрүм-турумуна күбө болдум. Алардын сыпайылыгы, адамгерчилиги жана уялчаактыгы мени абдан таң калтырган. Мен мектепте окуп жүргөндө бир тууган эжем университетте япон тили факультетинде билим алчу. Ал Япония жөнүндө көптөгөн кызыктуу маалыматтарды айтып берсе, айрымдарына анча ишенбей, «сенин япондоруң укмуш го» дечү элем. Эжем: «Япондор ушунчалык сылык болушат, жадагалса, бирөөнүн бутун басып алсан, ал адам «бутумду бул жерге койбогондо сиз баспайт элеңиз, менден катачылык кетти» деп сенден мурда кечирим сурашат» деп айткан. Андай япондор саналуу эле болсо керек деп ойлогом. Өзүм да Японияга келерим менен аэропортто дал ошондой окуяга дуушар болдум. Адам көп, транспортко чыгарда бутун басып алып, же баштыгым тийип кеткенде, улам биринчи кечирим сурап жатышты.
Япондор туура тамактануу боюнча эч кимди алдына салбайт. Көбүнчө деңиз азыктары, күрүч жана жашылча-жемиштер. Японияда көк чай көп ичилет. Ар бир провинция өз тамагы менен белгилүү. Мисалы, мен жашаган Кумамото шаары чийки жылкы эти менен таанымал.
Үй-бүлөлүк карым-катыштарда байкаганым, мектепти бүтүргөн балдар көбүнчө ата-энесинен бөлөк жашашат. Улгайган адамдар көбүрөөк саякатка чыгат. Менин пикиримде, Европа пунктуалдуулук боюнча алдыңкы орунда болсо, Япония тазалык, колдо бар ресурсту үнөмдөп колдонуу, урмат-сый боюнча биринчиликте турат.
— Японияда адаттан тыш кандай көрүнүштөрдү байкай алдыңыз? Дегеним, сизди эмне таң калтырды?
— Япониянын өзгөчөлүктөрүнүн бири — таштанды сорттоо системасы. Ал өтө татаал. Ар бир заттын өзүнүн категориясы жана ташталуучу күнү болот. Эл эрежеге баш ийип, так аткарат. Ошондуктан Япония аябай таза өлкө. Айрым коомдук транспортторго түшүүдө билет талап кылынат. Бирок сатып албай чыгып алгандарга Европадагыдай айып пул салынбайт. Текшерүүчүгө жөн гана билеттин акчасы төлөнөт.
Анимация дүйнөсүнүн падышасы деп аталган өлкөдө улуу муундагылар да фанат болушат. Бул мени аябай таң калтырды. Учурда аябай популярдуу эки анимация бар. Бардык япондор кызыгып, сүрөттүү китебин сатып алып окушат. Баарыбызга белгилүү япон сакурасын «самурай гүлү» же «самурай руху» деп да аташат. Анткени сакуранын сулуу өмүрү эки гана жума. Бирок кооздугу көз жоосун алат. Ошондой эле самурайлар да өмүрүн өлкө үчүн арнашып, көптөгөн эрдиктери менен жакшы элес калтырышкан. Башкача айтканда, «Кулаалыча салпактап миң жыл өмүр сүргөнчө, барчындай асманга чалкып бир жыл өмүр сүр» дегенге тете.
Япония дүйнөдө эң коопсуз өлкө болгондуктан, адамдар ар дайым өзүн эркин сезет. Табигый кырсыктар көп катталгандыктан, ар бир имаратта коопсуздук эрежелери жана даярдыктар каралган. Алсак, биз иштеген лабораторияда жадагалса, кичинекей консерва идиштерде нан ж.б. азык заттар сакталат. Университеттер 24 саат бою ачык болот. Кээде түнкү саат 1ге чейин окуу жайда калып, түрдүү эксперименттерди жасап, окуган көп студенттер бар. Мындай көрүнүштөр алар үчүн кадимкидей… Мен жашаган шаардын эли аябай меймандос келишет экен. Эртең менен жолдо баратсаң тааныбаса да «охаёгозаймас» «кутман тан» деп салам беришет.
— Чет жактан билим алууну каалагандарга кыскача кеңешиңиз….
— Чет тилдерин жакшы үйрөнүү зарыл. Кесипке байланыштуу болгон сабактарды мыкты өздөштүрүү менен бирге тырышчаак, аракетчил, адамдар менен бат тил табышууга жөндөмдүү болууну сунуштайм. Андан сырткары чет мамлекеттеги окуу жайлардын талаптарын үйрөнүп, профессорлордун илимий жумуштарын окуп чыгып, алар менен электрондук кат аркылуу болсо да байланышып, мамиле куруу чоң мүмкүнчүлүк жаратат.