Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жер титирөө катталды

Кыска кабар | 15 Фев 2020 | 417 | 0

Кыргызстандын аймагында бүгүн, 15-февралда саат 09:31де очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Жер силкинүүнүн күчү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Эңилчек, Кургак, Таш-Короо айылдарында 4,5 балл, Койлуу, Май-Саз айылдарында 3,5 балл, Каракол шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM