Биз менен байланышыңыз

Кытайдан келген кыргызстандык студенттер карантинден үйлөрүнө чыгышты

Кыска кабар | 15 Фев 2020 | 829 | 0

Кытайдан келип, карантинге киргизилген кыргызстандык студенттер үйлөрүнө жиберилди. Бул тууралуу кабарды Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн билдирди. 2-февралда Кытайдын Ухань шаарында окуган кыргызстандык студенттер Кыргызстанга алынып келинген. Алар аэропорттон тиешелүү текшерүүдөн өткөн соң, Бишкектин чет жакасындагы оорукананын атайын каралган бөлүмүнө жаткырылган.

Казакстандын көмөгү менен 13-февралда кыргызстандык 40 студент Пекинден Алматыга учуп келишкен. Бишкектен атайын жиберилген автобус менен студенттер Кыргызстанга жеткирилген. Кытайдан келгендер тепловизор менен текшерилгенден кийин чек ара көзөмөлүнөн өткөрүлгөн.


Кытайдан келген студенттер карантинге алынды


Маалыматка караганда, кыргызстандык студенттер Үрүмчү шаарында болушкан. Алар мурда билет алышса да, чек ара жабылганына, аба каттамдары токтотулганына байланыштуу мекенине келе алышкан эмес.

Кытайдын бийлиги Ухань шаарында коронавирус чыкканын Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмуна маалымдаган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, аталган жугуштуу оорудан каза болгондордун саны 1 380 адамга жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM