Биз менен байланышыңыз

Кытайдан келген студенттер карантинге алынды

Кыска кабар | 13 Фев 2020 | 663 | 0

Казакстандын көмөгү менен бүгүн, 13-февралда кыргызстандык 40 студент Пекинден Алматыга учуп келишкен. Бишкектен атайын жиберилген автобус менен студенттер Кыргызстанга алынып келинди, деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматы.

Кытайдан келгендер тепловизор менен текшерилгенден кийин чек ара көзөмөлүнөн өткөрүлгөн.

“Студенттердин баарынын ден соолугу канааттандырарлык. Андан ары Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан алгоритмге ылайык, Кытайдан келишкен Кыргызстандын жарандары карантинден өткөрүү үчүн убактылуу обсерваториялык пунктка жиберилди”, — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, кыргызстандык студенттер Үрүмчү шаарында болушкан. Алар мурда билет алышса да, чек ара жабылганына, аба каттамдары токтотулганына байланыштуу мекенине келе алышкан эмес.

Copyright © 2017 Maral FM