Биз менен байланышыңыз

Кыргыз тилинде басылып чыккан китептердин саны аз…

Кыргызстанда китеп чыгарган саналуу гана басмаканалар бар. Жеке менчик басмаканалар талапка ылайыктуу гана китептерди, чет тилинен которулган китептерди басып чыгарат. Адистердин айтымында, башка  тилдеги китепти кыргызчага которууга жана басып чыгарууга көп каражат керектелет, ошол эле учурда андан киреше табуу да оңой эмес. Акыркы жылдары окурмандардын саны өсүп, жаштар кыргыз тилиндеги тарыхый китептерге болгон кызыгуусу арткан менен, китептер аз нускада басылып чыгып, аймактарга жетпей калууда.

Жаштар арасында китеп окуу акцияларынын өтүшү менен, китептерге болгон суроо-талап өстү. Чет жактан китеп ташып келген дүкөндөр бар, ал эми  Кыргызстанда китеп басып чыгарып, аны сатуу оңой эмес, көп каражат керек. Кыргызстан китеп соодасы боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинде акыркы орунда турат.

Учурдун талабына жараша заманбап китепканалар ачылып, китептер жаңыланып басылып чыгып, жаштар китеп окууга умтулуп жатканын байкасак болот.

«Шанс» китеп дүкөнүнүн жетекчиси Сүйүн Калчаевдин айтымында, жаңы басылып чыккан китептердин санын көбөйтүү керек, көбүнчө дүйнөлүк китептер которулуп чыкса деген ойдо.

-Азыр жаштар китеп окуганга кызыкдар жана сатып алгандар көбөйдү. Буга, албетте, китеп окуу акцияларынын жана сынактардын түздөн түз  тиешеси бар. «Биз эмнеге китеп окушубуз керек» деген китеп 9 миң нускада басылып чыкты. Негизи кыргыз тилиндеги китептерге суроо-талап күч, бирок көбүнчо дүйнөлүк китептердин авторлору жөнүндөгү китептердин котормосун сурагандар көп. Алыскы аймактарга китептердин жетиши кыйыныраак, китептер көбүрөөк басылып чыкса, которулса окурмандарга жетсе керек деп ойлойм. 

Китеп палатасынын төрагасы Койчуман Момункулов китеп басып чыгаруу жана аны жеткирүүнү мамлекет колдоого алышы керектигин айтат.

Мисалы коңшу өлкөлөрдө китеп басып чыгарууну мамлекет толугу менен көзөмөлгө алат. Тилекке каршы, бизде ошол иш аткарылбай жатат. «Кыргыз китеп» ишканасы, Улуттук илимдер академиясы китеп чыгарып жатат, бирок аз. Негизи мамлекеттик органдар китепканаларды жана басылып жаткан китептерди тартипке келтирип, көзөмөлгө алыш керек. 

Мамлекеттик бюджеттен китеп басып чыгарууга жылына каражат бөлүнөт, былтыр 16 млн сомго китеп басылып чыккан.

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында «Кыргыз китеп» мамлекеттик ишканасынын директору Талант Ормушов  бир китеп 500 нускада басылып чыгарылып, өлкөдөгү миңден ашуу китепканаларга таратылат дейт.

-Жеке менчик басмаканалар каалагандай китептерди, канча болсо да чыгара берет. Ал эми биз мамлекеттик бюджеттин эсебинен 500 нускада басып чыгарабыз. 

«Жамгыр» басма үйүнүн директору Толкунбек Арсен уулунун айтымында, акын-жазуучулардын китептери басылып чыгарылбай жатат. Ошондой эле, китептерди басып чыгарууда каражат табуу максатын көздөбөй, жетиштүү санда чыгарууга көңүл бөлүш керек.  Андан сырткары, дүйнөлүк китептерди мыйзамсыз басып чыгарган басмаканалар бар экенин билдирди.

-Учурда китеп басып чыгаргандар көбөйдү, бирок пираттык жол менен чыгарган басмаканалар иштеп жатат, башкача айтканда киреше таап жатышат. Бирок китеп чыгарууда негизги максат акча табуу гана болбош керек, элге китепти жеткирүү болуш керек. Китеп чыгарабыз, бирок салык, кошумча нарк төлөйбүз, китеп чыкканга чейин да көп каражат кетет. 

Кыргызстанда 1 061 китепкана бар. Жалпы китептердин фонду 20 миллион даананы түзөт. Алардын 8 миллиону кыргыз тилиндеги китептер.

Copyright © 2017 Maral FM