Биз менен байланышыңыз

Кочкоров: Аткарып жаткан жооптуу ишим бар

Кыска кабар , Саясат | 13 Фев 2020 | 2047 | 0

«Вице-премьер болууну эч ким сунуштаган жок». Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров “Маралга” берген маегинде билдириди.

“Биринчиден мага вице-премьер министрлик кызмат боюнча эч кандай сунуш болгон жок. Экинчиден, менин азыркы учурда аткарып жаткан жооптуу ишим бар. Мен жетектеген тармак — 1,5 миллион жакыр адамга байланышкан жумуш. Же 187 миң майыптардын маселеси. Айтор, бул жакта көйгөй көп.  Бул тармакты мага ишенип бергендиктен “ушул жерде алгылыктуу иштерди жасайын деген оюм бар”, — деп белгиледи Кочкоров.

Мындан сырткары, ал алдыдагы парламенттик шайлоого катышып же катышпоо боюнча боюнча чечимди кабыл ала электигин билдирди.

Айта кетсек, Өкмөттүн чек ара иштерин көзөмөлдөгөн вице-премьер-министрлик кызматтан Жеңиш Разаков кеткенден кийин социалдык тармактарда көпчүлүк бул орунга  Улукбек Кочкоровду дайындоо боюнча билдирүү жазышкан.

Бул орунга Акрам Мадумаров дайындалды. Буга байланышкан жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 12-февралда кол койду.

Copyright © 2017 Maral FM