Биз менен байланышыңыз

12-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 11 Фев 2020 | 351 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 12-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы болжолдонууда. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -1…..6… күндүз: 5……..10°C

Талас облусунда:

түнкүсүн: -2…..-7….күндүз: 4………9°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: -2……3….күндүз: 5……..10°C

Баткен облусунда:

түнкүсүн: -2……3….күндүз: 5……..10°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -4…..-9..….күндүз: 1……..6°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -15……-20…..күндүз: -4.……-9°C

12-февралда Бишкекте күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…….-3°C, күндүзү 8………10°C.

Copyright © 2017 Maral FM