Биз менен байланышыңыз

Ирак АКШ аскерлерин өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Фев 2020 | 443 | 0

АКШ Ирактын аймагындагы 15 аскердик базасынан аскерлерин алып чыгып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу ТАССтын корреспондентине АКШ Куралдуу күчтөрүнүн башкы башкаруусунун өкүлү подполковник Эрл Браун билдирген.

Анын айтымында, бул маалыматтар чындыкка коошпойт.

Дүйшөмбү күнү Ska News Arabia телеканалы ирак парламентинин Коргонуу жана коопсуздук комитетинин мүчөсү Али аль-Ганиминин билдирүүсүнө шилтеме кылуу аркылуу АКШ Ирактан 15 аскердик базасын чыгарып жаткандыгын билдирген. Депутаттын айтканына караганда, америкалыктар Эрбиль шаарына жакын жерде жайгашкан аскердик база жана өлкөнүнүн түндүгүндөгү Айн-эль-Асадддагы авиабазалары менен гана чектелип калмакчы.

5 янвада АКШ Багдад аэропортуна жакын жерде Касем Сулейманиге кол салгандан кийин Ирак парламенти бардык чет элдик аскерлерди өлкө аймагынан чыгаруу чечимин кабыл алган. Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп эгер расмий Багдад АКШ күчтөрүн республикадан чыгарууга багытталган кадамдарга барса, Иракка түрдүү санкцияларды салары менен коркутууда.

Copyright © 2017 Maral FM