Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Өзбекстандын УКМКлары жасалма акча саткан топту кармашты

Кыска кабар | 11 Фев 2020 | 444 | 0

Өзбекстандын Мамлекеттик копсуздук кызматы менен биргеликте Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынан турган, жасалма акча каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү каналын түзгөн эл аралык кылмыш тобунун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

3-февралда биргеликте өткөрүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине мурда катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Өзбекстандын Наманган шаарында жасалма (жүз долларлык купюралар) 20 миң долларды сатуу учурунда Кыргызстандын жараны М.Н.кармалды.

Учурда УКМК Башкы башкармалыгы тарабынан жасалма акча каражаттарын даярдоого катыштыгы бар адамдарды аныктоо багытында ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM