Биз менен байланышыңыз

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун жалдоочусу кармалды

Кыска кабар | 10 Фев 2020 | 348 | 0

Кыргызстанда тыюу салынган эл аралык террористтик уюмунун жалдоочусу 1985-ж.т. А.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ал Кыргызстан жана башка Борбордук Азия мамлекеттеринин жарандарын Сириянын согуш аймагына жиберүүгө катышкан.

Бул факт боюнча тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 395-беренесинде (жалдануучулук) каралган кылмыш белгилеринин негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды.

Учурда кармалган адам УКМК тергөө камагына киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM