Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 11-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы болжолдонууда. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда:
түнкүсүн: -3…..2… күндүз: -2……..3°C
Талас облусунда:
түнкүсүн: -4…..1….күндүз: -2………3°C
Жалал-Абад жана Ош облустарында:
түнкүсүн: 0……5….күндүз: 2……..7°C
Баткен облусунда:
түнкүсүн: 0……5….күндүз: 2……..7°C
Ысык-Көл облусунда:
түнкүсүн: -1…..-6..….күндүз: 2……..7°C
Нарын облусунда:
түнкүсүн: -16……-21…..күндүз: -4.……-9°C
11-февралда Бишкекте кар жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…….1°C, күндүзү 1………3°C.