Биз менен байланышыңыз

Улуттук цирк: Имарат оңдолуп, аттар алынды

Кыска кабар | 8 Фев 2020 | 604 | 0

2023- жылга чейин А. Изибаев атындагы Кыргыз Улуттук циркин өнүктүрүү максатында атайын концепция иштелип чыгып, бекитилди. Учурда аны ишке ашыруу боюнча кадамдар башталып жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматта министр Азамат Жаманкулов цирктин иши менен таанышканы да айтылат.

Цирктин директору Фархад Бекмамбетовдун маалыматына ылайык, инвестиция, демөөрчүлөрдү тартуу жана цирктин өздүк эсебине келип түшкөн акча каражат 4,5 млн сомду түзүп, имараттын ичинде оңдоп-түзөө иштери жасалган. Имартаттын ичинде электрдик камсыздоо, жаныбарларды кармоочу жай (атканалар), ажатканалар, суу түтүктөрү оңдоп-түзөөдөн өткөн.

Ал эми, чыгармачылык жактан жакынкы аралыкта жаңы “Жигитовканы” кайрадан калыбына келтирип, эл алдына алып чыгууну пландалып жатат. Бул иш-аракеттерди ишке ашыруу үчүн жигиттер үчүн атайын аттар алынып, машыгуу иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Фархад Бекмамбетов 2019-жылдын 29-январында Кыргыз улуттук циркинин директору болуп дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM