Биз менен байланышыңыз

Валентина Шевченко АКШнын визалык чектөөсү тууралуу үн катты

Кыска кабар | 8 Фев 2020 | 700 | 0

UFCнин чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко АКШнын Кыргызстандын жарандары үчүн киргизген визалык чектөөлөрү тууралуу өз пикирин айтты. Маалымат жыйында журналист аталган чектөө тууралуу Шевченконун оюна кызыгып, суроо салган.

Мушкер Кыргызстандын жарандары чынчыл, жоопкерчиликтүү экенин айтып, төмөндөгүдөй жообун берген:

-Визалык чектөөлөр биометрика жана паспортко байланыштуу деп уктум. Бул жарандарга эмес, көбүнчө технологияга байланыштуу. АКШ колдонгон технологиялар Кыргызстанда азырынча жок болсо керек. А негизи, кыргыз эли мыкты калк келет, — деп жооп узаткан.

Эскерте кетсек, Валентина Шевченко 8-февралдан 9уна караган түнү Хьюстондо Кэтлин Чукагян менен мушташат. Аталган беттеш UFC 247нин алкагында өтүп, анда кыргызстандык мушкер чемпиондук титулун коргойт.

Copyright © 2017 Maral FM