Биз менен байланышыңыз

Президент Аскаров менен Асрандиевди жаңы кызматка дайындады

Кыска кабар | 6 Фев 2020 | 419 | 0

Эркин Асрандиев вице-премьер-министр, ал эми Замирбек Аскаров Өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Белгилей кетсек, Эркин Асрандиев буга чейин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун директору кызматын аркалап келсе, Замирбек Аскаров вице-премьер-министрлик кызматты ээлеп турган.

5-февралда Жогорку Кеңеш алардын талапкерлигин карап, жактырган.

Copyright © 2017 Maral FM