Биз менен байланышыңыз

УКМК: Адвокат Жунусовдун билдирүүсү — «коомчулукту адаштыруу»

Кыска кабар | 5 Фев 2020 | 388 | 0

2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болуп өткөн окуяларды изилдөө боюнча коомдук комиссиянын мүчөсү — адвокат Жамангул Жунусовдун билдирүүсү боюнча УКМК үн катты.

«ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөө тобунун башчысы Э.Аширходжаевдин күбө катары мурунку президент Алмазбек Атамбаевди суракка мажбурлап алып келүү тууралуу токтому Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 121-беренесинин, 35-беренесинин 1-бөлүгүнүн жана 37-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде, кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошоткон кылмыш ишин тергөөдө күбө Атамбаевдин себепсиз келбей койгондугуна байланыштуу токтом чыгарылган. Атамбаевдин адвокатынын билдирүүсүн кароодо тергөөчүнүн бул иш-аракеттери сот органдары тарабынан мыйзамдуу деп табылган.

Жазык-процесстик кодексинин 479-беренесине ылайык, өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткон президент кылмышты же жорукту жасагандыгына шектүү боюнча кармалышы жана жеке тинтүүгө алынышы мүмкүн эмес деген норма камтылган.

Бул учурда адвокат Жунусов тарабынан Жазык-процесстик кодексинин нормаларын туура эмес чечмелегендиги көрүнүп турат.

Жунусовдун билдирүүсүндөгү Президент Сооронбай Жээнбековдун Конституциясын жана Жазык-процесстик кодексин одоно бузгандыгы чындыкка дал келбейт. Ошондой эле УКМК төрагасы Орозбек Опумбаевдин пресс-конференцияда айтылган сөздөрүн Жунусов туура эмес нукка бургандыгы анык көрүнүп турат.

Жунусовдун массалык башаламандык, жөнөкөй жарандарга жана  укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин денесине келтирилген зыян укук коргоо органдарынын жетекчилеринин мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасы деген билдирүүсү жүргүзүлгөн тергөөнүн жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш окуясы боюнча Мамлекеттик комиссиясынын чечими менен жокко чыгарылат.

Анын корутундусунда «Атамбаев бийликти күч менен алууну пландаган жана Кой-Таш окуяларына болгон жоопкерчилик толугу менен Атамбаев жана анын тарапташтарында, ал эми УКМК жана ИИМдин күч менен алып келүү иш-аракеттери келтирилген каталарга карабастан, Конституцияга жана мыйзамдарга ылайык жасалган» деп айтылган.

Буга байланыштуу УКМК Жунусовдун билдирүүсүн коомчулукту адаштыруу, мамлекет жетекчилигинин жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн каралоо, Кой-Таш окуясын тергөө жыйынтыгын саясатташтыруу, Атамбаев жана анын тарапташтарын мыйзамсыз иштерин актоо аракети деп баалайт», — деп айтылат маалыматта.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM