Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн курамындагы өзгөрүүлөр абалды жакшырта алабы?

Саясат | 5 Фев 2020 | 702 | 0

Тармактык комитет Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына Замирбек Аскаровдун, ал эми вице-премьерлик орунга Эркин Асрандиевдин талапкерлигин жактырды. Сунушталгандарды премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев: “ишбилги, тажырыйбалуу кадрлар», — деп сыпаттады.

Өкмөттүн курамындагы өзгөрүүлөр боюнча юридика илимдеринин доктору, профессор, саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашевдин пикирин угуп көрдүк:

-Бизде мамлекеттик бийлик аябай чоң. Бул жердеги өзгөртүүлөрдө эч кандай мыйзам бузуу жок. Замирбек Аскаров эки жылга жакын вице-премьер министр болду. Экономикалык блокту караганы айтылганы менен, экономикада астыга жылган көрүнүш байкалган жок. Бир программа да айтылган жок. Жеке мен үчүн бул кишинин бар-жогу билинген жок. Өкмөт башчы деле ушундан улам башка орунга которуп жатса керек.

Ал эми, «Чоң Казат» партиясынын лидери Максат Мамытканов вице-премьерликке финансы тармагын жакшы билген кишинин сунушталышын, өкмөттүн экономиканы алдыга жылдыруу ниети катары баалады:

-Бизде 3-жылы катарынан региондорду өнүктүрүү маселеси негизги маселе катары коюлууда. Экономиканы өнүктүрүүнүн негизги багыты бул — банк системасы. Эң чоң, ири кредиттерди берген Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду болууда. Мындан улам, чоң долбоорлорду иштетип жаткан, түздөн-түз байланышы бар кишини вице-премьерликке сунуштоо, экономикада да чоң долбоорлорду жылдырууга ниеттенүү болуш керек.

Туура кадр тандоо маанилүү. Мындай пикирин баса белгилеп айткан депутат Исхак Пирматов Асрандиевдин тажырыйбасына үмүт артарын айтат:

-Кадрлык саясат — негизги чечим. Сталин атабыз бекеринен: “Кадрлар баарын чечет”  деп айтпаса керек. Вице-премьерликке экономисттин келиши, менимче, жакшы көрүнүш. Болгону салыштырмалуу бираз болсо да жакшы. Банк системасынын тажырыйбасын колдонот деп үмүттөнөм. Кандай болсо да, экономисттин келиши туура чечим.

Вице-премьер министр Жеңиш Разаковдун айрым милдеттери алынып, анын коопсуздук менен чек арага гана жооптуу болору айтылууда. Функционалдык милдеттерди бөлүштүрүү боюнча да депутат Исхак Пирматовдун оюн уктук:

-Акыры туура чечим болуптур. Үтүк сайсаң да Разаковдун аты аталчу. Чек араны деле, экономиканы да карап жаткан. “Бизде башка адам жок окшойт”  деген түшүнүк калыптанып калган. Эми кичине болсо да окшоду болуш керек. Жеңиш Разаков эми бир багытта жоопкерчилик алдыбы, мындан ары чек арага тиешелүү жумуштарды гана аткарышы керек. Жыйынтыгын убакыт көрсөтөт.

Жыйынтыктап айтсак, Тармактык комитет Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Замирбек Аскаровдун, ал эми вице-премьерликке Эркин Асрандиевдин талапкерлигин жактырып, аларды парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келди.

«КР Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна ылайык, өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Copyright © 2017 Maral FM