Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура: Курсан Асановдун тергөө иши аяктады

Кыска кабар | 5 Фев 2020 | 654 | 0

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун тергөө иши аяктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Курсан Асанов Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү, 43-беренесинин 2-бөлүгү, 44-беренесинин 2-бөлүгү, 45-беренесинин 2-3-бөлүгү, 344-беренесинин 1-2-бөлүгү боюнча айыпталууда.

Асанов Ички иштер министрлигинин кызматкери, айдоочусу жана жансакчысы болгон Дамирбек Пайзылла уулун өзүнүн кызыкчылыгы үчүн мыйзамсыз милдеттендиргендиги боюнча шектелүүдө.

Жогоруда көрсөтүлгөн Курсан Асановдун мыйзамсыз аракетеринен улам, мамлекетке 793 миң 197 сом зыян келтирилген.

Ошондой эле, Асанов  өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков менен чогуу биринчи вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы боюнча жалган маалыматтарды тараткан деп да шектелүүдө.

Мындан тышкары, Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Таш окуясында жансакчысы Дамир Пайзилда уулу жана баласы Мухамедали Асанов менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон баалуу документтерди жансакчысы аркылуу баласына, андан ары Атамбаевдин тарапкерлерине жеткирип, далилдерди жок кылгандыгы боюнча да айыпталууда.

Учурда аталган кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүүгө даярдалып жатат.

Эске салсак, Курсан Асанов 13-августта Ички иштер министринин орун басары кызматынан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен бошотулган.

Буга 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда Асанов «милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө себеп болгон.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Курсан Асанов 2020-жылдын 23-февралына чейин үй камагында калтырылган.

Copyright © 2017 Maral FM