Биз менен байланышыңыз

5-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 4 Фев 2020 | 512 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 5-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -1…..-6… күндүз: 5……..10°C;

Талас облусунда:

түнкүсүн: -2…..-7….күндүз: 4………9°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: -4……1….күндүз: 6……..11°C

Баткен облусунда:

түнкүсүн: -4……1….күндүз: 6……..11°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -4…..-9..….күндүз: 1……..6°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -20……-25…..күндүз: -7..……-12°C

5-февралда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2……4°C, күндүзү 8………10°C.

Copyright © 2017 Maral FM