Биз менен байланышыңыз

Трамп шайлоочуларын жакырчылык менен коркутту

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Янв 2020 | 434 | 0

АКШ Кытай менен толук кандуу соода келишимдерин түзгөндөн кийин, Европа өлкөлөрү менен соода жаатындагы активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп баштайт. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп бейшемби күнү Айова штатындагы өзүнүн тарапкерлери менен жолугушуу учурунда билдирди. Трансляцияны америкалык телекомпаниялар жүргүзүшкөн.

Трамп өз сөзүндө Пекин менен Вашингтондун ортосундагы соода келишимдеринин биринчи фазасы башталып калганын билдирип, Кытай менен мамиле ушул учурда эң сонун болуп жаткандыгын баса белгилеген. Ошондой эле эми кийинки кезекте Европа мамлекеттери менен соода келишимдерин түзүүнү мерчемдеп жатканын айтты.

АКШ президенти штаттын фермерлерине кайрылып жатып, ал тарабынан соода тармагында жетишкен келишимдер эми Америка жарандарынын көп акча табуусуна өбөлгө түзмөкчү экендигин билдирди. Эгерде штаттын фермерлери аны кайра бул жылдын ноябрь айында кайра шайлашпаса, алардын чарбалары жакырланып кетет деп коркутту.

Мындан мурдараак Трамп эгерде тараптар бирдиктүү соода келишимин түзө алышпаса, ЕБ өлкөлөрүнөн импорттолгон автоунаалардын салыктарынын өлчөмүн көбөйтө тургандыгын билдирген эле.

 

Copyright © 2017 Maral FM