Биз менен байланышыңыз

Коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Янв 2020 | 707 | 0

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус Кытайдан башка өлкөлөрдө да жайылып жатканына байланыштуу эл аралык өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. Бул тууралуу Борбор Азия Жаңылыктар кызматы жазды.

Ошол эле маалда уюмдун башчысы Тедрос Гебрейесус азырынча эл аралык каттамдар менен соодага чектөө киргизүүгө негиздүү себептер жок экенин билдирди.

Учурда коронавирусту Кытайдан башка өлкөлөрдө (19 мамлекетте) жуктуруп алгандардын саны 100дөн ашты. Кытайдын өзүндө 31-январга карата 213 адам каза болуп, дагы 10 миңге жакын киши илдетти жуктурганы маалымдалды.


Коронавирус: 31-январдагы абал, 10 миңдей адам вирус жугузду [хронология]


Вирус алгач декабрдын аягында Кытайдын Ухань шаарында байкалган. Көптөгөн өлкөлөр бул шаардагы жарандарын чыгарып кетип, кытай туристтерине виза берүүнү убактылуу токтотушту.

Кытайдын өзүндө болжол менен 60 миллион адам жашаган бир нече шаар карантинге жабылды.

Кытайдын Жугуштуу ооруларды дарылоо боюнча мамлекеттик лабораториясынын адистери бул илдетке каршы эмдөө каражатын тесттен өткөрүүгө кеминде үч ай талап кылынарын билдиришти.

Бул Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жарыялаган акыркы он жылдыктагы алтынчы эл аралык маанидеги чукул кырдаал болуп калды. Буга чейин Эбола жана Зика вирустарына байланыштуу глобалдык эпидемия кырдаалы жарыяланган.


Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактаныш керек?

Copyright © 2017 Maral FM