Биз менен байланышыңыз

Биринчи жолу окуучуларды электрондук жол менен баалоо киргизилүүдө

Кыска кабар | 30 Янв 2020 | 370 | 0

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы мектептердин 4-классынын окуучулары билимди электрондук жол менен баалоо долбооруна катышууда. Төрт күндө долбоор башталгыч мектептин 1 344 окуучусун камтый алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чара баланын китеп окуу жана окуганын баамдап түшүнүү көндүмдөрү канчалык калыптанганын аныктоо максатында өткөрүлүп жатат. Электрондук баалоого кыргыз, өзбек, орус жана тажик тилдеринде билим алган окуучулар катышууда.

Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтар технологиясынын улуттук борбору текшерилип жаткан көндүмдөр тууралуу ишенимдүү жана так маалымат алуу үчүн пилоттук мектептерде электрондук баалоону жүргүзүүдө. Баалоонун жыйынтыктары мугалимдерге билим алууда өзгөчө муктаждыгы бар балдарды, тил үйрөнүүдө кыйналган окуучуларды таап чыгууга, майыптуулугу бар балдар эмнеден кыйналарын түшүнүүгө жардам берет.

Баалоо 48 мектепте жана 10 бала бакчада “Чогуу жакшы окуйбуз” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоор Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен ишке ашып, ЮСАИД жана ЮНИСЕФ колдоо көрсөттү.

Copyright © 2017 Maral FM