Биз менен байланышыңыз

Трамптын кылым келишими британдыктарга да майдай жакты

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Янв 2020 | 630 | 0

Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Доминик Рааб жана АКШнын мамлекеттик катчысы Майкл Помпео Дональд Трамптын Жакынкы Чыгышта тынчтыкты жөнгө салуу, ошондой эле аймакта чыңалууну азайтууга багытталган сунушун талкуулашты. Бул тууралуу Лондондогу сырткы саясат ведомстволорунун жетекчилеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча Форин офистин пресс-кызматы билдирди.

Алар АКШ сунуштаган израилдиктер менен палестиналыктардын ортосунда боло турган тынчтык тууралуу, ошондой эле Иран жана Йемендеги кырдаалды талкуулашты. Британ ТИМинин жетекчиси аймактагы кырдаалды деэскалациялоонун зарылчылыгын баса белгиледи.

28-январда АКШ президенти кылым келишими деп аталган палестин-израиль тынчтыгын жөнгө салуунун негизги жоболорун жарыялаган. Алардын ичинде палестин аймагында пайда болгон жөөт айылдары Израилдин көз карандысыздыгы катары толук таанылышы жана араб мамлекетинин куралдуу күрөштөн баш тартышы каралган. Мындан сырткары, Вашингтондогулар “ажырагыс” Иерусалимди Израилдин борбору, Палестинанын борбору “Чыгыш Иерусалим” болсун деп сунушташкан.

Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяху демилгени колдоп, тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн дароо башталышына кызыкдар экендигин билдирди. Өз кезегинде палестин лидери Махмуд Аббас жана радикалдуу Хамас кыймылынын өкүлдөрү чечкиндүү түрдө АКШ президентинин бул сунушун четке кагышкан.

 

Copyright © 2017 Maral FM