Биз менен байланышыңыз

Махмуд Аббас Трамптын “кылым келишимин” “кылым шылдыңы” деп атады

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Янв 2020 | 433 | 0

Трамптын Палестина жана Израилди өз алдынча мамлекет катары таануу сунушу дүйнөлүк коомчулукта чоң резонанс жаратты. Муну менен ал жөөт жана палестиналыктардын пайдасына эки тараптуу ыңгайлуу чечим таптым деп эсептейт. Анын айтымында, “кылым келишими” деп аталган бул долбоору аймакта тынчтыкты камсыз кылат. Иерусалим шаары Израилдин ажырагыс бөлүгү бойдон калса, Чыгыш Иерусалим Палестинанын борбору болуп калат деп эсептейт АКШ президенти.

Трамптын айтымында, бул долбоор ишке аша турган болсо, эки өлкөнүн ортосунда тынчтык өкүм сүрүп, ошол аймакта жашаган адамдардын —  ал жөөт болобу, же палестиндик болобу, үй-жайларын таштап качуу, коркуу, тынчсыздануу маселеси жаралбайт.

Өз кезегинде бул сунушту Израиль президенти Биньямин Нетаньяху кош колдоп колдосо, Палестина башчысы Махмуд Аббас муну “кылым келишими” эмес, “кылым шылдыңы” деп атап, АКШнын бул сунушун дароо четке каккан.

Трамп сунуштаган “кылым келишими”, негизинен, палестин-израиль мамилелелерин жөнгө салуу үчүн Газа секторун демилитаризацияга (куралсыздандырууга) багытталганы байкалат. Бул тууралуу Ак үйдүн сайтында жарыяланган документте айтылат.

Анткен менен Дональд Трамптын Жакынкы Чыгышта тынчтыкты орнотуу планы Батыш өлкөлөрүнүн жана Бириккен улуттар уюмунун кубаттоосуна ээ болсо, тескерисинче, мусулман өлкөлөрүнүн терс реакциясына кабылып, каршы пикирлерди жараткан.

 

Copyright © 2017 Maral FM