Биз менен байланышыңыз

Бир тууганынын паспорту менен Стамбулга учууга аракет кылган жаран кармалды

Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 583 | 0

Бүгүн, 28-январда «Манас» аэропортунун көзөмөл-өткөрмө пунктунан башка бирөөнүн паспорту менен Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган 1997-жылы туулган А.Б. к. кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Бишкек-Стамбул багыты боюнча каттоодон өтүүгө аракет кылган жарандын паспорту өзүнө эмес, бир тууганына таандык экени аныкталган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран  УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM