Биз менен байланышыңыз

29-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 361 | 0
Автор: Айпери Жумабай кызы

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 29-январда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -8…..-13… күндүз: -2……..3°C;

Талас облусунда:

түнкүсүн: -10…..-15….күндүз: -4………1°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: -3……-8….күндүз: 1……..6°C

Баткен облусунда:

түнкүсүн: -3……-8….күндүз: 1……..6°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -6…..-11..….күндүз: -2……..3°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -19……-24…..күндүз: -7..……-12°C

29-январда Бишкекте күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -9……-11°C, күндүзү 0………2°C.

Copyright © 2017 Maral FM