Биз менен байланышыңыз

Билл Гейтс жаңы коронавируска каршы күрөшүүгө 10 млн доллар бөлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 598 | 0

Дүйнөнүн эң бай адамдарынын бири — миллиардер Билл Гейтс жана анын жубайы Мелинда Гейтстин кайрымдуулук фонду жаңы пайда болгон коронавируска каршы күрөшүү үчүн 10 млн доллар бөлөт.

Маалыматка ылайык, Гейтстин фонду Кытайда жайылып жаткан вирус үчүн 5 млн доллар каражатты бөлдү. Калган 5 млн долларды Африкадагы ооруларды көзөмөлдөө үчүн жана бул континентте жаңы коронавирустун таркалышынын алдын алууга жумшалат.

Кошучалай кетсек, Кытайда коронавирустун айынан 80ге жакын адам каза болуп, аны жуктургандар 4500гө чукулдады.

Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактаныш керек?

 

Copyright © 2017 Maral FM