Биз менен байланышыңыз

2020-жылга Ош шаарынын бюджети 1 млрд. 325 млн. сом болуп бекитилди

Кыска кабар | 27 Янв 2020 | 409 | 0

Ош шаары 2020-жылга жергиликтүү бюджетин 1 млрд. 325 млн. 613 миң сомго бекитти. Бул тууралуу аталган шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 27-январь күнү Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXV сессиясы болуп өттү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Алгач Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү өткөн жылдын бюджетине салыштырмалуу 117,6% көтөрүлгөн. Быйылкы жылга белгиленген бюджеттин 32,2% турак жай жана коммуналдык чарба, 29,7% билим берүү тармагына бөлүндү.

2018-жылы шаардын бюджети 940 млн. сом, 2019-жылы 1 млрд. 127 млн. сом менен бекитилген.

Copyright © 2017 Maral FM