Биз менен байланышыңыз

Кытайда коронавирустан 80 адам каза тапты

Кыска кабар | 27 Янв 2020 | 804 | 0

КЭР бийлиги административдик  борбору Ухань шаары болгон Хубей провинциясында катталган коронавирустун жаңы тиби менен күрөшүү үчүн 300млн юань (43,5 млн доллар) бөлдү. Бул тууралуу бүгүн Кытайдын Борбордук телевидениеси билдирди.

Маалымат каражатынын билдиргенине караганда, шашылыш жардамды Реформалар жана өнүктүрүү иштери боюнча мамлекеттик комитет жактырган. Бул каражаттар пневмониянын жаңы түрүнө чалдыккан жарандар үчүн эки оорукана курууга жана атайын медициналык каражаттарды сатып алууга жумшалат.

Эскерте кетсек, КЭРде коронавируска чалдыккандардын саны 2700 адамды түзгөн. Алардын 80и өлүмгө дуушар болушту. Ооругандардын көпчүлүгү (1443 оорулуу, 76 өлгөн) Хубей провинциясында жана анын административдик борбору Ухань шаарында катталган. Мындан соң, оору Гуандун (түштүк), Хэнань (борбор) жана Чжэнцзян (чыгыш) аймактарында байкалып жатат. Пекинде 68 адам госпитализация болгон. Ал эми Орусия менен чектешкен Хэйлунцзян провинциясында жаңыланган статистика боюнча 21 адам вируска кабылса, алардын бири өлүмгө дуушар болгон.

Copyright © 2017 Maral FM