Биз менен байланышыңыз

Булан-Сөгөттү айылына чакырылган «Тез жардам» унаасы кырсыкка учурады

Кыска кабар | 24 Янв 2020 | 424 | 0

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында медициналык «Тез жардам» унаасы чакырыкка бара жатып жол кырсыгына учурады. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн 12:30дар чамасында Булан-Сөгөттү айылына «Тез жардам» чакырылган. Айтылган дарекке бара жаткан учурда унаа жолдогу музга тайгаланып кырсыкка учураган. Айдоочу менен дарыгер жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Алардын абалы канааттандырарлык экени кабарланат.

Copyright © 2017 Maral FM