Биз менен байланышыңыз

Тажикстандагы жер титирөөнүн эпкини Кыргызстанга жетти

Кыска кабар | 24 Янв 2020 | 342 | 0

Бүгүн, 24-январда саат 13:09да Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Республиканын Сейсмология институту маалымдады. Ага ылайык Тажикстан Республикасынын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит айылдарында 4 балл, Баткен облусунун Баткен шаарында 3 балл, Кызыл-Кыя шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM