Биз менен байланышыңыз

25-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 24 Янв 2020 | 311 | 0
Автор: Айпери Жумабай кызы

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 25-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -2…..-7… күндүз: 1……..6°C;

Талас облусунда:

түнкүсүн: -4…..-9….күндүз: 1………6°C

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында:

түнкүсүн: -1……-6….күндүз: 2……..7°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -3…..-8..….күндүз: -2……..3°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -20……-25…..күндүз: -6..……-11°C

25-январда Бишкекте күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4……-6°C, күндүзү 4………6°C.

Copyright © 2017 Maral FM